Көптү бил зирек жашап өткүң келсе,
Жана да эсте болсун эки нерсе.
Ачка жүр көрүнгөндү жеп ичкенче,
Жалгыз жүр көрүнгөндү дос күткөнчө.
Дүйнөдө калыстык жок, болсо кайда?
Ар дайым көз каранды кедей, байга.
Төрөм деп баш ийүүгө туура келет,
Өзүңдөн канча төмөн адамдарга.
Атагың алыс кетсе кылышат кеп,
Унчукпай үйдө жүрсөң кылышат шек.
Кеңешим, кыдыр болуп кетсең дагы,
Жашагын эл көзүнө байкалбай тек.
Омар Хайям