Фильтр
Закреплено
  • Класс
Жалгыз аяк жол
4-болум
Апаң кандай жүрөт экен,Аруузат чоңоюп калыптырбы деген Шерхан агам менен Айсалкын жеңемдин суроосуна,ооба баары жакшы дегеним менен апамдын арак ичкенин жашырдым.Эмнеге апам арак ичет?Тийген күйөөсү жакшы экен,эмне жетишпейт деген ой мээмден кетпей койду.Мен мектепти бүтөөр жылы бир жакшына турган жеринен апам каза болуп калды.Апамдын каза болгону өгөй атама аябай оор тийди.Аял болуп ичкенине карабай апамды катуу жакшы көрөөрүн билдим.Апам каза болгондон кийин карындашым Аруузатты өгөй атам менин кызымдай болуп калган,мени менен чогуу жашай берсин дегенине карабай таякем үйүнө алып кетти.Карындашым экөөбүз эки башка тарбия көрүп,эки башка райондо жашап калдык.Мен мекте
Жалгыз аяк жол
3-болум
Балам сенби,Канатым менин деп мени кучактап калган апамды мен дагы сагынып калыпмын.Апа эмне болду сизге,ооруп атасызбы деп сурасам,ии жарыгым оорубай эле жакшымын,жыгылып түштүм деген апамды жакшылап байкасам,оозунан спирт ичимдигинин жыты келип жатты.Карындашым Аруузат кана апа,мен силерди сагынып келдим дедим,эмнеге ичтиңиз деп сурай албай.Аруузат азыр келип калат,жүр уулум үйгө кирели деп ээрчитип кирген апамдардын үйү жупуну экен.Мен азыр деп чай койгону аракет кылган апама,апа убара болбоңуз мен силерди көргөнү келдим,андан көрө сүйлөшуп отуруңуз дегениме карабай апам чай коюп,тамак жасаганы киришти.Бир убакта бой жетип, сулуу болуп калган карындашым
Жалгыз аяк жол
2-болум
Ии садага болоюн
каралдым,бир паста эле сени таппай калдым,каякка бардың деп сураган чоң энеме,эне мен бүгүн эки сабактан беш алдым.Атам мени жаман окуп атат деп ойлобосун деп,атама айтып келдим десем,ээ садагам балам,атаң өлө турган бала эмес эле.Атаңын ордуна мен өлсөм болбойт беле,аталатып ыйлаткандан,ботолотуп ыйлаткан жаман экен. Бурканымды ажал алгыча мени алса эмне деп оор үшкүрүп,ыйлап жаткан энемин башын кучактап,эне ыйлабаныз ооруп каласыз деп соорото баштадым.Буйруса мен окуп,чоң кызматта иштейм,сизди машинанын алдына салып жүрөм.Сизге каалаган нерсеңизди алып берем дедим чоң энеме эркелеп.Тилегине жет каралдым,ылайым сен үйлөнүп ж
Жалгыз аяк жол
1-болум
Энтигип чуркап кетип жаткан мени Калыйпа эне таң кала карап,ботом балам эмне мынча жоо куугандай чуркадын?Деги тынчылыкпы деп мага сүйлөгөнүнө карабай чуркап жөнөдүм.Калыйпа эне бул коңшубуз,чоң энемдин досу.Мен атамды катуу сагынганда эч нерсеге карабай,жай башына барып атакем менен сүйлөшө турган адат таап алганмын.Сабактан беш баасын алып,аны атама сүйүнчүлөгөнү чуркап кетип жатканмын.Мен атамын жанына барып сүйлөшүп,сырдашсам эмнегедир жеңил тартып калам.Атам мени күтүп тургансыйт.Мен төртүнчү класста окуганымда атам бул дүйнөдөн өтүп кетти,апам карындашымды алып,мени чоң энеме таштап, турмушка чыгып кеткен.Мени чоң энем эч нерседен кем кылбай,б
Туура!
Оомийин 🤲🤲🤲
Бир туугандарыбыз аман болсун! 🤲
Курбум диеатага олтурду, колдоп туруу курбучулук милдет да.
- Салам, досум. Канча килограмм арыктадың? Мактанып жатат:
-Бир айда 5 кг таштадым.
- Өзү канча элең?
- 150 кг. Ойдогу нерсе оозумдан чыгып кетет да менде шарт эле епрст...
- Ал эми танктын бир гайкасы түшкөндөй эле да, деп салдым. Бир жумадан бери сүйлөбөй жүрөт...😅😅
#Елиз
  • Класс
Показать ещё