Предыдущая публикация
Следующая публикация
Свернуть поиск
Сервисы VK
MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
Войти
  • Главная
  • Увлечения
  • Видео
  • Группы
  • Люди
  • Публикации
  • Игры
  • Подарки
  • Поздравления
  • Помощь
  • русский
Левая колонка
Обложка профиля
Фотография от Зейнеп Суйунбаевна

Зейнеп Суйунбаевна

Последний визит: 1 фев
Фотография от Зейнеп Суйунбаевна
Фотография от Зейнеп Суйунбаевна
Фотография от Зейнеп Суйунбаевна
Фотография от Зейнеп Суйунбаевна
Фотография от Зейнеп Суйунбаевна
Фильтр
ЗаметкиУвлечения
Зейнеп Суйунбаевна
23 мая
Сырттан күлүп,ичтен тынып үшкүрүп.
Күндөр өтөт,ал анткени тирүүлүк.
Сыр билгизбей сыздаса да жан дүйнө.
Сабыр менен жашайт адам күнүмдүк.

Кимдер ичкен өлбөстүктүн мүрөгүн.
Кимдер жаккан тирүүлүктүн чырагын.
Жашарыбыз беш күн өмүр болгон соң.
Оорутпайлы бирөөлөрдүн жүрөгүн.

Күндүк өмүр болсо,түштүгүнө жорго мин.
Ден соолугуң,амандыгың олжоо бул.
Адам деген адам менен адамбыз.
Адамдардын асылдыгын баалай бил.
23.05.25.
Зейнеп Суйунбаевна
21 мая
Азыр биз кабар алып,жай сурашкан.
Абалкы эски тааныш адамдайбыз.
Алгачкы махабаттын издери өчүп.
Алоолоп күйүп турган илеби жок.

Калтырып көңүлдөрдү оорутканбыз.
Карабай таза,тунук сезимдерге.
Көрүнө ишеничтин жибин үзүп.
Кубалап ак сүйүүнү дилибизден.

Андагы аруу ойлор,азыр туман.
Айтылбай сырлар дагы,ичте күмөн.
А бирок,унутулбай жүрөктөрдө.
Ар убак бар экениң эске салаар.

21.05.25.
Зейнеп Суйунбаевна
12 мая
Жалгыздык.

Жалгыздык,жылдан жылга узатууда.
Өмүрүм оору менен тушалууда.
Өксүткөн көкүрөктү оор кайгы.
Жаштыгым бир четинен буталууда.

Жабыркап көңүл байкуш жукарууда.
Жүрөгүм сарсанаанын тузагында.
Томсоргон жымжырттыка бөлөнүшүп.
Жалгыздык күндү тосуп,узатууда.

Өмүрдүн көктөм жазы арта калып.
Жалгыздык коңур күздү коштоп келди.
Көрсөтпөй көздүн жашын төккөн менен.
Көңүлдү кара тагы каптап кетти.

Аңгырап ээсиз калган эски тамдай.
Жан дүйнөм эчак эле ээн калган.
Толтурбай кубанычты кучагына.
Жатыркап жүрөк кургур коркуп алган.

Жалгыздык бүт эркимди ээлеп алган.
Жуутпай тыш сезимди кууп салган.
Көктөбөй чырпык сезим чынар болуп.
Капкачан кырчын жаштык куурап калган.
Зейнеп Суйунбаевна
16 апр
Башкаларга кол жетпеген бийиктей.
Балбыл жанып күйүп турсам биликтей.
Бир сен үчүн чуркасам да ийиктей.
Баалабадың жан дүйнөмдү иликтей.

Күйүп бышып,күйгүлтүккө түшсөм да.
Куру жалак көңүл бөлүү,мээримден.
Күдөр үзбөй жүрөгүңдү сагалап.
Күтүп жүрдүм кете албастан акмаалап.

Көңүл калып көктөбөгөн дилиңден.
Көп узабай мамилебиз ириген.
Көкүрөккө кайгы муңду уютуп.
Көмүскөдө калдым көзгө илинбей.

Куру үмүтүм аягында үзүлгөн.
Кыялдарым ойрондолуп бузулган.
Куйган менен көрөңгөсүз чаначка.
Кымыз болуп көбүрбөсү көрүнгөн.
16.04.25.
Зейнеп Суйунбаевна
11 апр
Жүрөктөгүм.

Жолугуп кеч болсо да жүрөктөгүм.
Жашыл төр,сүйүү өрөөнүн турактадым.
Жашынып жаштык кезим жыл артына.
Жемиштүү өмүр өткөн курактамын.

Жаппадым бакыт кирчүү эшигимди.
Жүрөккө сүйүү бир күн келет дедим.
Жашартып жан дүйнөмө жан киргизип.
Жүрөккө сүйүү үрөнүн себет дедим.

Жашоого үмүт артып өзүң менен.
Жоодурап күн сыяктуу күлүп келдим.
Жаркыган мээрим толгон жамалыңды.
Жарыгым жүрөгүмдөн сүйөө бердим.
11.04.25.
Зейнеп Суйунбаевна
8 апр
Байырлап махабаттын бакчасына.
Бүр байлап өрүк гүлдөй төгүлөйүн.
Бапестеп бир берилген гүл өмүрдү.
Бакыттын сересинен көрүнөйүн.

Сезимди ыйман нурга чайытайын.
Жүрөктү жакшы сөзгө байытайын.
Көңүлдүү көкөлөтүп көк асманга.
Көнөргөнсүп кылып күнгө агытайын.

Дилимди жаман ойдон арылтайын.
Жашоонун жакшы жагын аныктайын.
Сүйүүдөн мүрөк суудай кере жутуп.
Кадамым бийиктикке багыттайын.
8.04.25.
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту

1625

  • КамильКимович Балбаев
    КамильКимович Балбаев
  • большой 💚❤️💙💛❤️
    большой 💚❤️💙💛❤️
  • Нургазы Мамажакып уулу
    Нургазы Мамажакып уулу
  • Dursun Nazlı
    Dursun Nazlı
    Ankara
  • Мухаммед Урустамов
    Мухаммед Урустамов
    Кемерово

  • Бесплатная открытка зима, с новым годом, новый год, елка, храни господь судьбы людей, пожелание, ёлка
  • Бесплатная открытка будь красивой, цветы, девушка, брюнетка, пожелание, от души, с днем красоты, международный день красоты

7

  • СЕЗИМ СЕРЕСИ.
    СЕЗИМ СЕРЕСИ.
    20130 подписчиков
  • Бакыт Үйү
    Бакыт Үйү
    39527 подписчиков
  • ӨМҮР КЕМЕСИ
    ӨМҮР КЕМЕСИ
    38909 подписчиков
  • Жашоо кызыктары㋡
    Жашоо кызыктары㋡
    11551 подписчик

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.

Зарегистрироваться