Фильтр
Закреплено
  • Класс
Туяк изи.
(повесть)
4-бөлүм
Чыйыр түшкөн
жолдор.Белгисиз жолдор.Кайда алып барып түгөнөт?Кимдер баскан? Кандай издер? Бул жашоого баалап берген өмүрдүн издери кайда алып барып ,кайсы
толкунуна чайкайт? Өмүр түгөйлөр бел байлап тобокелге салган өмүр күнү
бакыт нуруна бөлөнөбү же биротоло жоголобу?Ойлордун тизмегин жүрөгүнүн түпкүрүнөн эр зайып экөөбү тең өткөзүп тунжурап келе жатышты.
Булардын тынчтыгын алдынан чыккан жолоочу бузду.
-Жол болсун,мусулманым-деп араң эле үн чыгарып,арып ачып жөө -жалаң
келе жаткан адам үн катты.
-Айтканыңыз келсин карыям,кай тарапка жол алдыңыз?-депКарабай аттан
түшүп, көзү алайган аксакалга сылык -сыпаа учурашты.
Кыязы көкүрөгү көпкө күйүп бүткөн кары
КЫЗ БАЛА --БЕЙИШИҢ

Адамдын мүнөзүнө кайсы бир окуя таасир этет тура... Өзүн бул жашоонун ээси сезип алган, оюндагысы аткарылбай калса, айланасына тынчтык бербей, чырды салган иним бар эле. Ошол иним экөөбүз туугандардын жакшылыгына бир барып калдык. Мүнөзү токтоо тартып, омоктуу сөз сүйлөп калганын байкадым, бирөөнүн сөзүн бөлүп, өз оюн таңуулаган мүнөзү жоголуптур.
--- Ушу сен чын эле адам боло баштаган окшойсуң, мынча тез токтолот деп ойлобоптурмун.
Менин сөзүмдү төрдө отурган байбиче энебиз коштой кетти:
--- Туура баамдапсың, мен да таң калып отургам. Эми, туугандар мурдагыдай катташпай калдык, улам муун алмашкан сайын, алыстай берет экенбиз. Ошентсе да, мен көргөн жээним бө
Сезимдерди океандай, толкуган,
Сага айта албай, ырга салып олтурам.
Серенада болсун жаным ушул ыр,
Созуп обон, терезеңден кол сунам.

Сен кызыл гүл, көзүн арткан баарысы,
Сен музыка, жанга жаккан дабышы.
Сен деп жатып, сен деп турам уйкудан,
Сен деп туйлап, сен дейт жүрөк кагышы.

Сага бердим жан дүйнөмдү бүтүндөй,
Сагынычым, санаам өзүң үчүндөй.
Саргайыңкы сары күздө тапсам да,
Сага сүйүүм жазгы жаңы бүчүрдөй.

Сенин атың көкүрөктө тумардай,
Сактап алдым көөдөнүмө, чыгарбай.
Саатка жетпей, мүнөт санап өзүңсүз,
Санаа тартам сенкунд чыдап тура албай,

Сенсиң бактым, сенсиң өмүр жыргалым,
Сенсиң музам, симфониям, ыргагым.
Сенсиң эргүү, чабыттары кыялдын,
Сенсиң арзуу, сенсиң сүйүү ырларым.

16
ОЛУМ "АК"!
*НООРУЗДАГЫ МАНТЫ же АПАКЕМДИН ПЕЙИЛИ*
ЖАПОН АДАБИЯТЫ

ЯСУНАРИ КАВАБАТА (1899-1972)

КӨЛЧҮКТӨГҮ АЙ


Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары

АҢГЕМЕ

Кёконун оюна оорукчан күйөөсүнө бакчаны кол күзгүдөн көрсөтүү амалы келбеспи. Экинчи кабатта төшөктө жаткан оорукчан күйөөсүнө жашоого болгон жаңыча кызыгуусун ушул кол күзгү гана ойготту бейм. Бирок мындан башка да иштер болуп кетти.

Кол күзгү Кёко турмушка чыкканда себине берилген тыттан жасалган чакан үстөл менен кошо келген; күзгүнүн алкагы менен туткасы да тыттан жасалган. Турмушка чыккан алгачкы күндөрү желке чачын ушул кол күзгү менен караганы колун өйдө көтөрсө, кимононун далбагай жеңи чыканакка дейре түшүп жылаңачтана түшкөндөн улам күйөөсүнөн бети кызара уялаганы күнү-
РЕВИЗОР.
(НОВЕЛЛА).
Көп эркектер намыс көрүп калтырап.
Аялдарын эркелетпейт, тартынат.
Аял затка канча кылсан жакшылык.
Сеникинен алда канча ашырат.

Ишенбесен көрсөң болот текшерип.
Аялындын аялдыгын эскерип.
Эрте менен өөп коюп чоп этип.
Ишке кеткин, манты жейсин кеч келип))

Бирин-бири эркелетпей жашаган.
Жубайларга чындыгында таң калам.
Бири-бирин эркелеткен жубайлар.
Эн бактылуу боло алат деп айталам.

Эр болгон соң сылыгыраак бол демек.
Буга деген шариат да жол берет.
Эй эркектер кадырына жеткиле.
Аялыңар силер үчүн чоң белек.

ТАИРБЕК ЕРМАТОВ.
КЫРГЫЗ КААДАЛАРЫ
Показать ещё