Жашоодо ар кандай апалар болот, бири санаачыл, бири мээримдүү, бири өтө эле камкор, бири кайдыгер дегендей. Ошолордун арасынан санаачыл, болоор болбоско кайгыра берген, өтө эле камкор апалардын балдарына зыяны чоң. Эмнеге дегенде, эненин энергиясы абдан күчтүү.
Эненин энергиясы, батасы баланы же өстүрөт же талкалайт. Кайгырган апа балам ооруп калбаса экен, үшүп калбаса экен, элден токмок жебесе экен, чоңойгондо жумушунан кыйналбаса экен, чоңдордон тил укпаса экен, жашоодон адашпаса экен, өмүрлүк жары жаман болуп калбаса экен деп калкалап, кайгыра бергенде, баланын жолу бардык жагынан тушалат.
Эмнеден кайгырса баары баланын башына келет. Ишенип коюңуздар!
"Баары жакшы болот", "Кудайыма ыраа