Жаңы келин
“Келин келди!” – деп тапырашып, урук-тууганды чогултуп той берип, ата-эненин кубанычы койнуна батпай, кайын эне: “эми колум узарып, тириликтен башым бошоп, мен да башка аялдардай кериле басып, келиндин ысык чайын ичет экенмин” деп, өзүнчө эле кудуңдап, кайын атасы: “эртең мененки дааратыма сууну байбичем тампаңдабай келиним даярдап берет эми”, – деп көңүлү ток, Кудайга шүгүрлүк келтирип, бейгам болушуп калышты. Бул тилектер келинин кулагына кирсин деп, бирөө жарым келип калса да, мактана айтып, бир дасторкондо отурганда да сөз арасына кыпчып, тамак жешип бүткөндөн соң, бата кылаарда да дубасына кошуп жатышты.
Бирок... натыйжа боло бербеди. Келин андай жумуштарга ык салбай, эрмеги