Күнү бою жумуштан чарчап келсем, желкеми жукартпай, менден алыс алып кет... - деп, жумуштан келген күйөөсү аялына бакыра кетти.
Көздөрүн жоодуратып коркуп турган беш жашар кыз атасынын кыйкырыгынан чочуп, апасынын аркасына жашырынды.
- Бул да кызыңыз эмеспи? Жазыгы не? Алла кааласа уул перзентибиз да болуп калаар...
- Өчүр үнүңдү!
Беш кыз тууш гана келди колуңдан, тилиң болсо эки карыш. Бир уул тууп бергин да, анан акыл айт...
Аял үндөбөдү. Кызын улуу эжелеринин жанына жиберип, күйөөсүнө дасторкон даярдады.
Түн жарымында күйөөсү суусап, суу ичүүгө турду. Ошол кезде кыздарынын бөлмөсүнүн жарык өчпөгөнүн көрүп, бөлмөгө карай басты. Жакындап калганда бөлмөнүн ичинен ыйлаган добушту укту да, эшикти ачпастан токтоп калды.
Бөлмөдөн кенже кызынын ыйлап сүйлөгөн добушу анык угулуп туруптур. Атасы үндөбөй акырын тыңдай баштады.
- Кудайым ай, неге мени уул кылып жаратпадың? Неге мени атамдын күндөгү жаңжалына, апамдын көз-жашына себепчи кылып койдуң? Кудайым, мейли, атам мени жакшы көрбөсүн, бирок мен аны жакшы көрө беремин. Мейли мени урушса урушсун, бирок апамы ыйлатпасынчы. Мен кыз болуп жаралып аларды кыйнадым.
... Мени өзүңө чакырып алчы Кудайым! Сенден жалынып сурайм, мени өзүңө алып кетчи, Кудайым...
Атасы уккан сөздөрүнөн акыл-эсинен адашкандай болуп кетти. Башы айлана түшүп, жыгыла жаздап барып отура калды. Соңку беш жылдык өмүрү көз алдынан тизилип өтө баштады. Беш жылдан бери бул кызын бир да жолу эркелетмек турсун, бир ирет да колуна албаганын эстеди.
- Чыны менен бул кыз мен керек кылбаган, мага уул керек деп мен кабыл албаган кызбы? Ушундай мээримдүү, акылдуу кыз менин урпагым болгонубу? Ошондо мен нагыз көр-сокур болгон экемин го, көзү көргөн бирок көөдөнү сокур мен болупмун...- деди ичтей ыйлап.
Жаны алкымына келгендей өрөпкүп, бөлмөгө кирип келди. Атасын көргөн кыз коркконунан, ыргып туруп орунуна жата калды. Атасы колунан тартып тургузуп, коркуп жалтаңдап турган көздөрүнө карап, жүзүн жууган жашын сүртүп:
- Таш жүрөк атаңды кечир, кызым! Кечир, мен сокур болупмун, кечир кызым! - деп кечирим сурап ыйлай берди...
Күлүмсүрөгөн кыздын эриндери: "Рахмат сага Кудайым!" - деп шыбырады...
Уул болсун, кыз болсун, Алла Таала баарыбызга кайрымдуу перзенттерден насип этсин!
Которгон: Б.Дүйшөбаева


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 90
Беш жашар бала курсагы тойсо оюн күлкү уйку да