Үчмурун
Ууру мышыктай эле үйгө кирип келди го, Жаның аке. Оозунуп сүйлөр сөз чыкпай, үйдүн ичи тым-тырс боло түштү.
- Иш чатак, Шапа ака... - мурдунун капталына жабыша чыккан нокоттой калын ушулап отуруп калды.
- Дагы мине балаа болуп кетти, катының үйдөн кууп чыктыбы?.. – акемдин жүлжүйгөн көзү суроолуу тигилет.
- Кууп чыгат окшойт...
- Жөн жүрбөйсүң сен даңгаза, жөн жүрбөйсүң!.. – Шапа акем табалагансып үн катты.
- “Бир бала издеп келди...” дешти, чыксам, 14-15 жаштардагы бала экен. Мине деди дебейсизби, Шапа ака?.. – Жаның аке акырын шыбырады.
- Карызыңы доолап келгендир да...
- Карыз болсо ушинтип отурамынбы... Онун жолун табат элем да... Эми иш чатагына айланып баратат...
- Ие пада