Ош шаарындагы саламаттык сактоо мекемелеринин бөлүмдөрүн чачыранды кылбай жанаша жайгаштыруу керек. Бул тууралуу эл өкүлү Айбек Маткеримов шаардык кеңештин депутаттары жана муниципалдык мекеме жетекчилери менен кезиккенде айтты. Эл сапаттуу медициналык кызматтарды алууда имараттарга чуркап убара болбой бир жерден дарылануусу зарыл. Бул үчүн саламаттык сактоо мекеме башчылары туура чечимдерди кабыл алуусу кажет дейт парламентарий.