Азыр менде мүмкүнчүлүк чектелген,
Колу-бутум, эрким жипсиз тушалуу.
Ооба. Өзүң, ажыраткан эркимден,
күнөөлүүсүң!
Мен эмесмин айыптуу!
Түшкөндүгүм акы сенин торуңа,
Буйругум да, талабым бар бул үчүн:
Кандай гана сүйгөн болсом сени мен,
Сен да мени мендей керек сүйүшүң!
01.10.2020 15:24
Автор: Гүлзат Кудайбердиева