Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин тапшырмасы менен бүгүн калаадагы базарларда, көчөлөрдө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Калаа бийлигинин, шаардык ички иштер башкармалыгынын, салык кызматынын, соода департаментинин, аймактык башкаруулардын өкүлдөрүнөн турган 20 топ жарандарга учурдагы кырдаалдын олуттуу экенин эскертип, көчөгө чыкпоого чакырды. Азык-түлүк саткан жайлардан башка базарлар, соода жайлары убактылуу жабылды. Буга баш ийгиси келбегендерге катуу чара көрүлөт!