Кооздук, жакшылык, кайрымдуулук деп аты эле айтып тургандай, бул нерселердин пайдасын эң биринчи башкага бактылуулукту алып келген инсан гана көрө алат, анткени, башкага жакшылыкты алып келээри менен өзүнүн жүрөгүндө болгон бейпилдикти жана ырахатты сезет.
Эгер башыңа бир кайгы-капа түшсө анда, башкага жакшылык кылып, кайрымдуулук көрсөт, ошондо кайгыңдын кете баштаганын сезесиң. Кембагалга жардам бер, кордук көргөндү куткар, кайгыга баткандын кайгысын тең бөлүш, ачты тойгуз, ооруганды зыярат кыл, жардам сураганга жардам колуңду узат, ошондо, бактылуулук ар тарабыңдан каптаганын сезесиң.
Жакшылык кылган инсан жыпар жыттуу атыр сыяктуу, аны көтөргөн да, саткан да, сатып алган да анын жытына