Михаил Мишустин чет элдиктер Россиянын жарандыгы бар жакын туугандары болсо визаны оңой жол менен ала аларын жарыялады.
Россиянын бийлиги өлкөгө кирүү эрежесин жеңилдетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Өкмөттүн жыйынында премьер-министр Михаил Мишустин чет элдиктер Россиянын жарандыгы бар жакын туугандары болсо визаны оңой жол менен ала аларын жарыялады.
Анын айтымында, жакын туугандарга жубайы, ата-энеси, балдары, бир туугандары, чоң ата, чоң энеси же неберелери кирет.
"Мындай тууганы бар адамдар визаны бир жылдык мөөнөткө чейин ала алышат. Ал үчүн чет элдик жарандын тууганы кат менен гана кайрылышы керек", — деди Мишустин.
Мындан сырткары, виза алуу укугун сактап калуу үчүн ар үч ай