АЛЛАХ УЧУН ДОС ДЕП БИЛЕМ БООРДОШУМ!
Сен болосун узун жолдо жолдошум,
Сенсин менин не айтсамда колдоочум.
Омур тилейм сага дагы кудайдан,
Аллах учун дос деп билем боордошум!
Биз таанышып жаштык кездин колунда,
Биргебиз биз Пайгамбардын жолунда.
Бирге тийип жайнамазга пешене,
Бир бололу бейиш тордун койнунда!
Ишен досум сени десе жан курман,
Досум сени артык кором туугандан.
Бардык дуйном сени десе эзилип,
Сени десе жашоо жарык туюлган!
Кичуузун бираз сен азыр мага инисин,
Мен жакшы коргон досторумдун бирисин.
Аман бол досум ардайым менин бир боорум,
Калабайм сага жамандык нерсе келишин!
Катам болсо элге айтпай ондоочум,
Кыйындыкта бирге болгон жан досум.
Кандай кунго туш келсекта билип к