Кыямат күнүндөгү эң чоң жоготуу, эң чоң кайгы – бул өз ибадаттарыңды башка адамдын таразасында турганын көрүү, анткени сен сооптуу амалдарыңды кимдин артынан жамандаган болсоң, ошол адамга берүүгө мажбур болосуң. Бири бириңердин артыңардан жаман сөз айтаардан алдын мурда ушуну ойлоп койгула.
Аллахым баарыбыздын тилибизди ушак жана жаман сөздөрдү айтуудан сактап, баарыбызды Бейиш ээлеринен кылсын. Амиин!
0 комментариев
9 классов
0 комментариев
62 класса
0 комментариев
44 класса
АЛЛАХТЫН КААРЫН КЕЛТИРҮҮЧҮ ҮЧ НЕРСЕ
⚪️Имам Суфьян ас-Саури (Аллах аны рахматына алсын) айткан: “Үч нерседе Аллахтын каарын келтирип алуудан сактан:
⚪️Аллах парз кылган нерседе шалаакылык келтирип алуудан сак бол;
⚪️Аллах сага тагдыр кылып жазган нерсеге сенин нааразы болгонуңду көрүшүнөн сак бол;
⚪️жана жалган дүйнөлүк нерсеге умтулуп, ага жетпей калганыңда Робуңа кыжырдангандан сак бол”. Сийар А'лам ан-Нубала', 7/244
1 комментарий
14 классов
“Пенде үчүн кылган күнөөлөрү үчүн алчу жазалардын ичинен эң оору болуп ыймандан ажыроо, намаздан ырахат алууну жоготуу, Кураанды унутуу жана күнөөлөрдүн кечирилишин сураган дубаларга көңүл коштук болуп саналат. Ал эми эң жеңил жаза – бул адамдын денесине байланышкан (оору) сыноолор” [Имам Ибн ал-Жаузи «Замм ал-хава» (210)].
Аллахым бизди бейгамдык жана азгырыктардан, жалкоолук жана шек-күмөндөрдөн, ыймандын аздыгы жана эки жүздүүлүктөн, биз көтөрө албаган оор сыноолордон, акыйкаттан адаштырып кетчү караңгылыктан жана ийгиликтен кол жуудурчу каапырчылык жана ширктен сактасын! Амиин!