Жашоонун бул турмушта маңызы эмне? Байлыкпы басып жыйган катып тенге? Адамдын жанын ажал алам десе, Арачы болор бекен алтын тенге? Жашоонун маңызы дейт ден соолукта, Ансыз да айтышкандай өмүр кыска. Жаралып бул дүйнөгө келген бакыт, Жаркылдап күлүп жүрсөң жай да, кыш да.
Жашоонун бул турмушта маңызы эмне? Бийликпи убактынча өткөн төргө? Бел калып бетегеси кеткениндей, Бектердин түбөлүгү болбойт элге. Жашоонун маңызы дейт көңүлдөрдө, Жакшы сөз жарык чачат өмүрлөргө. Бирибиз-бирибизге сыйлуу карап, Жылуу сөз арнайлычы колдон келсе.
Жашоонун бул турмушта маңызы эмне? Көр тирилик жай алдырбас акча беле? Артыкча азгырыгы табышмактуу. Адамзат арыла албай келет неге? Жашоонун маңыз