(3).
Мамасадык ойлорун, акыл-эсин жыйып, үй - бүлөсүнө көңүл буруп, эч кимге азгырылбайм деген ниетте болуп,балдарына мээримин берип, мотураңдаган балдары чоңу Клара, кичинеси Максат бал тилдери сүйлөгөндө, атасынын чарчоосун басып, таш жүрөктү да ээритет.
Балдарын колуна алып, жыттап - жыттап алат.
Айсулуу да, көңүлү жайланып иштен чарчап келсе, өзүмчө ашыкча кепти айтып, нерви чарчап турса, майдалана бербейин деп, бир аз жан дүйнөсү жай алып калды.
Жанара агайынын сабагын күтөт, эгерде сабагы болбогон күнү окуу жайда акмалап, Мамасадыкты издеп, алыстан болсо да бир тиктеп, көрүп койсом көңүл ток, жүрөк деген жалын чок деп, күйүп жанганын токтото албай, ко