Бир арманы бар эле. Кудайдан бейжооп сүйлөп, Дубайдан үй алсам дегенде ак эткенден, так этчү. Манчыркады. Май чайнады. Жай турмушту теңине алчу эмес. Акча менен бут кийимин тазалаган күндөрү болду. Керек болсо Европанын сулуу кыздарын сатып алчу... Мезгил мерездигин көрсөттү. Капилет ооруга чалдыгып, тапкан байлыгы бир тыйынга арзыбады... Жапыс тамда карапайым күн кечирген карыянын жашоосу көздөн учат... Бир арманы бар эле...
Мээнет
Анын орду улагада болчу. Бирөөнүн көзүнө тике карабаган жан эле. Жетим турмуш жалакай кылып койгон белем. Той-топурда казандын кашынан кетчү эмес. Күлүн чыгарчу, отун жакчу. Бир гана каруу күчүнө, мээнетине ишенчү... Эмгектен бүткөн маңда