Наристе кыял ойлорго түшүп,
Көкөлөп учам асманга бийик.
Бактылуу болуп жүрөмүн азыр,
Бакыттын күнү төбөмдөн тийип.
Азапка моюн сунбастан жеңип,
Жүзүмө жалгыз жылмаю берип.
Эч качан кайгы көрбөгөн жандай,
Жүрөмүн бакыт гүлдөрүн терип.
Ишенич үмүт алдыга сүрөп,
Умтулдум алга жанымды үрөп.
Жакшылар мени кыйнабай мындан,
Кийин да мага болгула тирек.
Көтөрүп канча турмуштун жүгүн,
Дүйнөмө туман болгондо күүгүм.
Жакшы күн үчүн аракет кылып
Көтөрдүм канча сыноонун түрүн.
Мээримдуу адам көздөрү менен,
Бакытка чөктүм тереңдеп терең.
Азаптуу өрттөн сууруп бир силер,
Чыктынар бүтүн күйгөндө денем.
Алоолоп отко өрттөнүп жатам,
Кайгынын түркүн түрүнө батам.
Ал кезде баары кыйнаган мени,
Кетирген