Достор! Дос ресточайхана ачып, бирок ат таппай жатат. Нукура кыргызча эч жерде жок ат болсо деп кыялданат. Ат тандашып койсоңуздар жакшы болмок? Чоң рахмат!
Акындыкты жаңы баштаганда ыр жазып 200, 300 сом иштеп дароо бир нерсе алып жей коёт элем, кийин 5000, 6000 таап баштаганда кафеме кафе жүрүп баштадым, анан 200000,300000 тапканда жалаң кымбат нерселерди алып баштап, кийин миллион иштегенде ойгонуп кеттим, түшүм экен йопту.
Машинеде бир чымын калган) иштен келип үйгө жүр десем болбойт, макул деп анан калың кийинтип коём, машинеде түнөйт. Эрте менен жумушка чыгам, машине жылыганда кайра учуп нары жак, бери жагыма конуп жүрө берет) Бир уруп өлтүрүп койсоң болот, бирок өлтүрбөйм, себеби кышта чымын бир башкача жылуу көрүнөт көзгө)) жайдагыдай нерпке тийбейт.
Силерге билбейм а мага шайлоо жагат да. Талапкер өлө ышкыртып сөздү алат да. Шайлоого жакын тигилер элге күйүмдүү, аябай эле боорукер болуп калат да...
Сураныч! Таксиге отурганда кызыктуу окуяларыңардан сүйлөшпөй кеткилечи, силер барып түшүп кетесиңер, окуянын аягы эмне болуп бүттү экен деп, ойлоно берип сыгылып кетесиң адам.