Теңирчи жана ошолор сияктууларга жөнүндө экен.
Түлкү менен эшек.
Эшек менен түлкү талашып калышыптыр. Алардын талашы лимон жөнүндө болчу. Түлкү:
-Лимондун түсү сары,- десе эшек:
-Жок ,карамтыл, дейт экен. Экөөсү көпкө тартышып, акыры арстандан сурамай болушуптур. Алар экөө арстандын алдына келип лимондун түсү кандай деп суроо узатышат. Арстан түлкүдөн:
-Сен кандай деп жатасың?-деп суроосуна суроо менен кайрылат.
Түлкү:
-Мен анын түсү сары деп жатамын,-деген экен.
Анан арстан эшекке кайрылып:
-Сенчи ,эшек?-деп сураса, эшек:
-Мен аны карамтыл деп жатамын,- деп жооп бериптир. Ошондо арстан бир саамга ойлонуп туруп:
-Эшек туура айтат, лимондун түсү карамтыл,- деп чечкиндүү кесе жооп бериптир.
А