АТАНЫН БАЛАСЫНА АЙТКАН ОСУЯТЫ....
Уулум:
Үч нерсени тактап билмейинче албагын:
динди,
аялды,
тамакты.
Үч нерсе сенден алыстап кетмейинче ырахат албагын:
карыз,
бузуку дос,
шайтандын азгырыгы.
Үч нерседен кеч калсаң пайда таппайсың:
шам намазынан,
жаназа намазынан,
чакырылган жерден.
Үч кишиден алыс болгун:
жетимдин малын жегенден, туугандарынан карым катташын үзгөндөн,
аракты көп ичкенден.
Үч киши менен мамиле кылба:
ахмак менен,
сый урматты түшүнбөгөн менен,
адеби аз менен.
Үч кишиге кулак салбагын, тыңшабагын:
жалганчыга,
ушакчыга,
жалган күбөгө өткөнгө.
Үч кишини дос тутпагын:
ичи тарды,
арам көздүүнү,
ата энесине ак болгонду.
Үч кишинин оюн пикирин