ЖАШ АЯЛЫҢ МАГА БЕР
Эй жигиттер, кулак салгын баарыңар,
Кайда кеткен намысыңар, арыңар?
Силерге эмне кыз көрүнүп калганбы,
Апаңдан чоң жашы улуу каарылар?..
Таштап коюп өзүнүн жаш аялын,
Көрүп жүрөм кемпир алып алганын,
Жообун бербей, кабар албай, карабай,
Биринчи аял азап тартып калганын.
Адыл болсоң, баарын бирдей карасаң,
Күчүң жетсе төрткө чейин ала бер,
Бирин карап, экинчисин карабай,
Зулум кылсаң "жаханамга" бара бер.
Бир машина алып берип койсо эле,
Уят болот кемпирди ээрчип алганың.
Азыр антип жүргөн менен эртеге,
Каарыганда кимге айтасың арманың?
Ошончолук күчтүү сүйүп кемпирди,
Жаш аялың жакпай калса сага эгер.
Бечаранын бекер башын байлабай,
Кор кылбастан талак айтып мага бер.