ПЕРИСКОП – ДҮЙНӨ МЕНЕН ТҮЗ БАЙЛАНЫШУУ
Фейсбук социалдык тармагы Инстаграм менен WhatsApp программаларын сатып алып, өз популярдуулугун ого бетер арттырган эле. Сыягы, Твиттердин да кожоюндары атаандаштарынан кем калгысы келбегенби, алар да Инстаграмга теӊ келчү, балким, андан ашып өтчү жаӊы Перископ аттуу программаны колдонуучуларга сунушташты.
ПЕРИСКОП ДЕГЕН ЭМНЕ?
Бул суу астында жүрүүчү кеменин ичинен кургактыкка, суу үстүндөгү башка кемелерге көз салчу дүрбү.
Перископ 2014-жылдын февраль айында америкалык Кейвон Бейпкур жана анын бир нече жардамчылары тарабынан иштелип чыккан. 2015-жылдын мартында аны Твиттер социалдык тармагы сатып алган.
Перископ жер жүзүнүн булуӊ-бурчунда болуп жа