«Кыргыз качан кыздарына бөлөк улуттан “айгыр салып” тукум алды эле?»
Жалпы Кыргыздын Эркектерине
Кайрылуу
Урматтуу Кыргыз жигиттер!
Мен Кыргызстанда туулуп өскөнмүн. Менин сиздерге кайрылуума Кыргыз кыздарынын бүгүнкү жашоо абалы себеп болду. СССРдин учурундагы Кыргызстандын жашоо шартын эстеп, аргасыз суктанам. Кыргызстан эгемен мамлекет болгондон бери карапайым кыргыз эли жарытылуу турмушта жашабады. Биздин ата-энелерибиз башы менен жер казып, колу туурулганча иштеп да эч кандай ийгиликке жетпеди. Биздин балалыгыбыз өмүр бою ата-энелерибизди жол карап күтүү менен, сагынуу менен өттү. Алар жумушсуздуктан өз мекенин аргасыз таштап, дүйн