Октябрь айынын орто ченинен тартып Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алууга баштапкы сумманы топтой албай жаткандарга жаңы мүмкүнчүлүк ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Айтымында, азыркы эреже боюнча мамлекеттик кызматта иштебеген кардар МИКтен ала турган үйдүн баасынын жарым суммасын дароо төлөшү керек. Бирок баарында эле мындай мүмкүнчүлүк жок. Маселени чечүү үчүн РСК банкы менен Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) өнөктөштүктө иш жүргүзөт. Эки аптанын ичинде РСК банкынын аталышы "Элдик банк" деп өзгөртүлөт. "Мисалы, батири 60 миң доллар турса, анын 30 миңин төгүш керек. Ал эми жарандын колунда 20 миң доллары бар дейли. Ка