“Өтүндө ташы бар экен”, “ташын алдырыптыр” деген сөздөр азыр жаңылык деле эмес. Учурда өт ооруларына чалдыккан адамдардын саны өсүүдө. Бул эмне себептен болот, деги эле адамдын өтү эмне кызмат аткарат, адам өтсүз жашай алабы? Мына ушул суроолорго жооп издеп көрдүк.
🔷 Өт эмне кызмат аткарат?
Өт – сары, күрөң же жашыл түстөгү, даамы ачуу, жыты бар орган. Ал тамак сиңирүү менен байланышкан ар түрдүү кызматтарды аткарат: тамактын карындан ичегилерге өтүүсүн камсыз кылат, тамактын сиңиши үчүн зарыл болгон пепсин затынын иштешин жөндөйт. Өт кислоталары болсо ичке ичегинин иштешин активдештирет, холецистокинин жана секретин гормондорунун иштешин жөнгө салат жана бактериялардын пайда болушунун алд