1. Өлтүрүүгө тыюу салынган адамды өлтүрүү - бул күнөө.
2. Өлтүрүүгө уруксат берилген адамды өлтүрүү - бул күнөө эмес.
Адам өлтүрүүнүн зыяндары:
1. Адам өлтүрүүчү чоң күнөөкөр болот.
*Далил:* Абдулла ибну Амыр (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Алланын Элчиси (саллаллаху алайхи васаллам) чоң күнөөлөр "Аллага шерик кошуу, адам өлтүрүү, жана жалган ант ичүү"- деп айткан. (Бухарий, Имам Ахмад)
2. Адам өлтүрүүчүнүн сурагы катуу болот. Себеби кыяматта, адамдардын ортосундагы амалдардан эң биринчи кан жөнүндө сурак болот.
*Далил:* Ибну Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (саллалла