Урматтуу айымдар. Келе жаткан Курман Айтыңыздар менен!
Ар бир үйгө кут-береке, жылуу очок, ынтымак тилейм, балдарыбыздын күлкүсү жаңырып турсун.
Алыста мага окшоп иштеп жүргөндөрдүн ишине ийгилик, Аллахым эсен-аман ата-энебиздин, балдарыбыздын маңдайына барууну насип кылсын.
Сиздерге кайрылуум төмөнкүчө:
Бул группа айымдар үчүн болгондуктан, айымга, кызга, энеге, жалпы эле аялга тийешелүү болгон, аялды түйшөлтүп кыжаалат кылган темаларда, суроо аялзаттын ден-соолугу болобу, келиндин кайын журту-күйөөсү болобу, жаш кыздын кыжаалатчылыгы же деги эле эмне маселе болсо дагы,
ИИИЙ БЕТИМ УЯЛБАЙ КАНТИП ЖАЗДЫҢ??? ӨЗҮҢДҮН БАШЫҢ ЖОКПУ??? АПАҢДАН СУРА!!! дебестен, сылык-сыпаа, туура, калыс сөзүңүз