Балам 19 жашында үйлөндү, келиним баламдан 3 жаш улуу. Негизи баламды үйлөндүрүү оюмда жок эле. Андан улуу эки агасы үйлөнө элек болчу, шашпай 25-26га чыкканда үйлөнтөбүз го дечүмүн. Анын үйлөнүүсү күтүлбөстүктөн болду. Бир күнү балам:
– Апа, үйлөнүшүм керек, мени үйлөнткүлө!
– Кокуй күн, эмне болду? Азыр сага үйлөнгөнгө эрте.
– Жок, мени үйлөнтүшүңөр керек, сүйлөшкөн кызым кош бойлуу. Аборт жасатканга да кеч болуп калыптыр. Ата-энеси өп-чап турмушта айылда турушат, менин балам көчөдө төрөлөбү?
Балам экөөбүз талашып-тартышып отуруп чоң той бербей эле кыргыз каадасы менен келинди үйгө киргизип алалы дедик. Чоң той бергенге шартым да жок эле. Жалгыз бой энеми