ВАЛЕНТИН БИЗГЕ НИКТО🚫
Сүйүү баркын ким билер,
Сүйүүгө жанган дил билер.
Бир күнгө сүйүү байланбайт, Билсеңер боло жиндилер.
Валеттей басып жургөндөр,
Валентин күнүн сүйгндөр.
Жыртылып калба түбөлүк,
Жыртылган жынсы кийгендер.
Ою пастардын жомогу,
Ойлонуп көрчү оболу.
Бир тойгон жарма өңдөнгөн.
Бир күндүк сүйүү болобу⁉
Уулусуң кайсы атанын?
Кызысың кайсы апанын?
Католик болсоң байкуш деп,
Кылча да болбойт чатагым.
Көр болбой тушун ар жагын,
Көрсөң да жаман ардагым.
Бал берип шайтан уулантат бармагың тиштеп калбагын.
Алданба напси биздин жоо,
Алтын баш билип жүрсүн соо.
WhatsApp'тан жибер баарына,
Валентин бизге никто ‼
🎀Жеңишбек Жумакадыр🎀