Бир кыз уюлдук телефонго керектелүүчү кымбат баалуу чехол сатып алат. Атасы кызынын колундагы нерселерди көрүп: -Кызым! Телефон сатып алгандан кийинки эң биринчи планың, эң алгачкы кадамың эмне болду? - деп сурайт.
-Кызы: “Телефонум чийилбесин деп экранына клёнка чаптаттым, артына болсо чехол кийгиздим” - дейт.
-Атасы: “Ушундай кылууга сени бирөө мажбурладыбы?” - деп сурайт.
-Кызы: “Албетте жок! Бирок, ушундай кылганым телефонумдун көпкө чейин кызмат кылуусу үчүн” - дейт.
-Атасы кызына: “Сен мындай кылууң менен телефон жасап чыгарган фирмага арызыңды билдирип жатасыңбы?” - деп суроо берет.
-Кызы: “Жоок атаке! Тескерисинче, биздин телефондорубузду сактап туруусу үчүн,
Кадыр түндүн качан болоору тууралуу аалымдардын арасында көптөгөн ой-пикирлер айтылган. Ибну Хажар өзүнүн “Фатхуль Баари” деген китебинде бул туурасында айтылган аалымдардын сөздөрүн кырк алтыга жеткирген. Ирактык Хафиз Уалиюддин жалпысынан аалымдардын жыйырмадай сөзүн келтирген. Ал эми азыркы учурдагы кээ бир аалымдар бул туурасында айтылган аалымдардын алтымыштай сөзүн алып келишкен.
Абу Аббас Куртуби бул туурасында кээ бир сөздөрдү келтиргенден кийин *“Мына ушул сөздөрдүн баарысы салаф салихиндердин жана аалымдардын сөздөрү. Алардын арасындагы талаш-тартыштын себеби – хадистердеги айырмачылыктарга барып так