Бүркүттөрдүн ургачылары келечектеги балапандары үчүн “атасын” кантип тандаганын билесизби? Алгач кургап калган чыбыкты оозуна тиштеп , асманга бийик учуп, айлана баштайт. Жанында болсо келечекте “ата” болом деген талапкерлер ургачы бүркүттү тегеренип учушат. “Ата” болчу азаматтар көбөйгөнүн сезген ургаачы бүркүт оозундагы чыбыкты кое берип, карап турат. Ылдый көздөй түшүп бараткан чыбыкты бүркүттөрдүн бирөөсү эпчилдикке салып, абадан тиштеп, кайра акырын ургаачынын тумшугуна тиштетет. Ургаачы кайра чырпыкты кое берет, эркектер жан талашып учуп, кайра чырпыкты “ээсине” кайтарат. Бул абал бир нече жолу кайталанат. Эгер ургаачы ыргыткан чыбыкты
Өткөн заманда бир айылда 5 балалуу апа жашаптыр. Ал беш баланын түйшүгүнөн аябай чарчап , кундөн -күнгө ажаан аялга айлана баштайт. Убакыт өткөн сайын аялдын арманы аябай көбөйөт.
Бир күнү айылдын кадырман акылдуу байбичесинен кеңеш сураганы үйүнө барыптыр.Ал эне да кечке дейре айтчусун айтып , деп жакшы маанайда узатыптыр. Беш баланын энеси үйүнө келип ,акылдуу байбиченин айтканын аткарып көрүүнү чечип:
-Балдарым ,азыр мен силерге бактылуу апаны даярдайм, мага тоскоол болбогула! -деп бөлмөнү кулптап кирип кетип ,бир саатка жоголуп кетет экен. Бул күн сайын кайталанат. "Эмне кылат болду экен?" - деп баары таң калышат.