#ҮЧ КУРБУ. 8-бөлүм. Ал аракетимден эч майнап чыкпады. Эч бирине көӊүлүм тартып, сүйүүм ойгонуп кетпеди. Жумушубузда мени жактырып жүргөн бир жигит бар эле. Өзү мага келүүдөн тартынат, бирок жалдырап эле ээрчий тиктейт. Бир күнү лифтке чогуу түшүп калдык. – Улан, сен мени жактырасыӊ, туурабы? – О-оба,- деди ал кекечтене. Бечара мындай суроону күтпөсө керек. – Анда кааласаӊ, бүгүн менин үйүмө кел. Көӊүлдүү кеч өткөрөлү,- дедим да, чыгып кеттим. Тигил жалдыраган боюнча калды. Айтып алып өзүнчө кыжалат боло бердим. «Жанара, кайсы бир күнү мамилени башташыӊ керек, мына, баштоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк» деп өзүмдү жубатканым менен кыжалатмын. Кечинде Улан келди. Колундагы гүлүн алып вазага салды