ЭСКИ ДОС ЭСТЕН КЕТПЕЙТ Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде күн сайын эртең менен, кечинде бир киши оорукчан бир кишини жетелеп бастырат, кыязы инсульт болсо керек. Экөөнүн тең жашы жетимишти ашып калган. Оюмда "иниси оорукчан агасын карап атса керек" деп койгом. Кечинде ошол киши жалгыз жүргөн экен баарлашып калдык: - Тиги оорукчан киши агаңыз окшойт? - Жоок, экөөбүз доспуз. Бармактайыбыздан чогуу өскөнбүз. Туугандык жайыбыз деле жок. Жакын достордон төртөө элек, экөөбүз калдык. Экөөбүз тең байбичелерибизди жерге бергенбиз. Досум 9 ай мурун инсульт болду. Анын жалгыз эркек уулу каза болуп калган, шаарда 2 кызы турат. Инсульт болгондо эле кичүү кызы шаарга алып баса берген. Мен үйдө отур