Эс тартып чоң эле кыз болуп калгам. 4- класста окуйт элем. Апакемдин эрке кызы болгондуктан ар дайым ал кайда барса аркасынан ээрчип алчумун. Чоң энемдер жашаган жер 400 метрдей ыраакта,адаттагыдай апама ээрчип алдым. Кеч кирип биз үйгө кайтчу маал болду. Бир жерим бираз ооруса эле апама ынжындап,ооруп атат деп жүдөтө берээр элем. Ал күнү да оорудум. Апама эркелеп,баскым келбей туруп алдым. Апакем болсо бооруна кысып "менин кызым кичинекей,кел көтөрүп алайын!?"- деп аркасына которуп алды,мен болсо чопчоң болуп эле эч ойлонбой жыргап кете бердим апакемдин аркасында. Көрсө асылым апакемдин бели ооруйт,чарчайт деген ой болгон эмес экен. Азыр эстеп көзүмдөн жаш тамат,мен апакемди ошентип көтөрү