Индонезияда 187 жүргүнчүсү бар учак океанга кулап түшүп, учактын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн баары каза болгону айтылган. Кудайдын кудурети менен учак кулагандан үч күн өткөндөн кийин, куткаруучулар океанда калкып жүргөн ымыркай таап алышканын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Байкуш эне мен өлсөм да, балам өлбөй калсын деп өзү сууга чөгүп баратса да, баласын сууга чөктүрбөй турган куткаруучу желетке орой салыптыр. Ажалы жок наристе үч күндөн кийин аман-эсен куткаруучулар тарабынан табылып, кабыргасы кайышып турган индонезиялыктарга кубаныч тартуулады.
Азыр ымыркайдын ден соолугу тешерилип, тиешелүү жардамдар берилип, жакындары изделип жатат.