"Өзгөндүктөр өрт келет" деген сөздүн тарыхы төмөндөгүчө: Кокон ордосунан бий болгон Эрдене Анжиан менен Ошту чаап алып Өзгөнгө(Кара Кулжага) аттанат.Аны уккан Өзгөндүн(Кара Кулжанын)бийлери,бектери чогулуп кеңешип анан кол курап жоокерлерин жыйнап ар жерге буктурма кылып ор казып кыскасы согушка дыккат даярдык көрүшөт.Көп миңдеген колу менен Эрдене Өзгөндүктөрдүн казып койгон капкандарына түшүп көптөгөн жоокерлерин жоготот.Кечинде калган жоокерлери менен жарадарларын чогултуп Дөң Булак деген жерге жайгашышат.Ошондо Жазы дарыясынын ар жагынан Карамолдо деген 18 жаштагы баатыр "Ээй Эрдене эр болсоң жекеге чык" деп суунун аркы жээгинен үч жолу кыйкырган экен.Мына ошондо Эрдененин жүрөгү болк