Мен азыр
Кеп болсо кежир сүйлөп көнбөөчүмүн,
Каткыра күлүп көңүл бөлбөөчүмүн.
Камчысын турмуш улам чаба берип,
Мен азыр, көзүн ачкан төлгөчүмүн.
Кабагым-кашым дебейм тепкилесең,
Кыңк этпейм кызыл-жаян кескилесең.
Кызыксаң жаңысына талкалап сал,
Мен азыр,колуңдагы эски кесең.
Майнапсыз майдаланды таңкы сырым,
Мен азыр тескебеймин калпы-чынын.
Мен азыр чарт жарылган колуңдагы,
Чынынын тең бөлүгү - жартысымын.
Минутка көрбөй калсам сагынчымын,
Муңканып миң толгонуп жаңырчымын.
Мен азыр, сендик ойдун алдын ала,
Маанисин сезе билген тамырчымын.
Нурлан. Кимбилди.