БИР ЖАШКА ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫН ӨНҮГҮҮ ЭТАБЫ Бир жашка чейинки балдардын өнүгүү этабы
Албетте ар бир баланын жөндөмү ар башка. Бирок баланын акыл-эсинин өнүгүү этабы негизинен төмөнкүдөй тартипте кетет. Эгер сиздин 1 жашка чейинки балаңыз болсо, салыштырып көрүңүз…
1 айлык бала:
— Чоң адамдын бетин жана ачык түстүү буюмдарды аныктайт
— Чоң адамдын сүйлөгөнүнө жооп кылып жылмая баштайт
— Курсагынан жаткан калыбында башын көтөрүүгө жана кармаганга аракет кылат.
2 айлык бала:
— Кадимкидей сергек болуп, үстүндө илинип турган оюнчуктарын карайт
— Оюнчуктарынын кыймылын ээрчип карайт
— Адамдын же буюмдардын үнүн укканда кыймылын токтотуп тыңшап калат