Москвага келген элем акча иштеп табам деп,
Акча табып уй тургузуп уйдун устун жабам деп.
Бирок айткан убадамдын бирисин да кылбадым,
Артка кетсем кеткендирмин алдыга эч жылбадым.
Апам мага айткан эле ичпе балам ичпе деп,
Кайра кайра зар какшаган жан талашып иште деп.
А мен акмак ичип алып журом кундо мас болуп,
Озумду озум кылып алып озумо озум кас болуп.
Досторум бар алар иштеп чон уйлорду салышты,
Анан дагы машина алып кайра кайтып барышты.
Ата-энеси тосуп алып уйлонушуп той берип,
Кее бироосу перзент коруп ата болуп калышты.
А мен болсо беш жыл болду дале уйго барбадым,
Паспортумду жоготконмун билбейм кайда калганын.
Ошол беш арасында бир да акча салбадым,
Акча деле мынд