8-март-Аялдардын эл аралык майрамы. Мен ал күндү Энелердин майрамы деп билем. Бул улуу күнү энеси барлар энелерине гүл алып келип, башка кийим-кече деле белекке беришсе, мен тогуз ай көтөрүп, толгоо тартып, ушул жашоого мени алып келген Апамды эстеп ыйлап алам! Алтын апама бир жолу да гүл бере алган жокмун. Өкүнөм! Аттиң дейм! Ал менин түркөйлүгүмдөн эмес, алтын Апам ушул жаркыраган жашоодон эрте кетип калганында... Мен анда армиядан гана жаңы келген элем... Апам атамдан 19 жашка кичүү эле. Атам ыраматылык мурун 3 аял алыптыр, балдары токтобой коюптур, акыры чоң атам тегирменчи болгондуктан өзүнүн кесиптеши Алыбай таятамдын кызы Асип Апамды алып бериптир. 1945-жылы Жакил