1. Өзүңүздүн аял экениңизди эсиңизден чыгарбаңыз. Бир аз алсызыраак болсоңуз, бул сизге пайда гана алып келет. Социологдор тастыктагандай, көп никелер үй-бүлөдөгү бийликти талашуунун айынан бузулат. Жолдошуңуз үйдө өзүн күчтүү сезсин. Кантсе да ал кичинекей мамлекеттин кожоюну эмеспи. Андыктан жолдошуңуз менен тең тайлашпай, кичине болсо да ийкемдүү болуп коюңуз.
2. Жолдошуңуздун жаман сапаттарын издебестен, жалаң гана жакшы жактарын издеңиз. Ал эми кемчиликтери тууралуу унутуп коюңуз. Мүмкүн болбогон нерсени өзгөртүүгө аракет кылуунун кереги жок.
3. Жөнөкөй болуңуз. Эгерде мүмкүнчүлүгү жок болсо, кымбат баалуу белектерди андан талап кылб