=ЭЙ МУХАММАДДЫН (ﷺ) ҮММӨТҮ, БУЛ СЕНИН МАЙРАМЫҢА КИРБЕЙТ!=
Эптеп эле ырахат алуубу?,
Жарым сааттык кумар үчүн алдап.
Эмнеге шылдың кылат сүйсө,
Шылтоолоп ушул күнү жандап.
Бул майрам кайдан келгенин билбейт,
Кыйналып жандүйнөлөр кирдейт.
Эй Мухаммаддын үммөтү!,
Бул сенин майрамыңа кирбейт!.
Батыштын кылганын туурап,
Балчыкка жабышат кулап.
Артылган күнөөдөн чаалыгып,
Аттиң, рух ыйманга суусап.
Сүйүүнү бир күнгө байлап,
Акылсыз күтөт экен айлап.
Даярдап ширин сөздөрдү,
Оюнда ошол күнү айтат.
Момунга ар мүнөттө сүйүү,
Акырет камы үчүн күйүү.
Анан да адалдап никелеп,
Андан соң башталат сүйүү.
Тизгинде, напсиңди тыйгын,
Бак күтсүн баскан жолуңдан.
Жүрөбү токубай минип,
Такымдап шайтан жонуң