ЖАКТЫРДЫМ СИЗДИ ...
Жалындап бирибизге сезимибиз,
Төп келип биздин алган чечимибиз.
От болуп алоолонуп махабаттан,
Жактырдым агай сизди, кечириңиз?
Ишеним мени сизге арбап алып,
Жетелеп жипсиз колдон байлап алып.
Агатай баратамын тосуп алчы,
Сүйүүнүн аргымагын камчыланып?
Үмүтүм алга сүрөп толуп ташып,
Кыялым сизди көздөй алып учат.
Ай сымал шоола чачып төгүлөйүн,
Агатай тосуп алчы, жайып кучак?
ЧИКА УМАР теги.