Рамазан айынын алгачкы он күндүгү карыды. Бул күндөр кандай өтүп жатат? Ибадат, сооптуу амалдарыбыз көппү, же башка күндөн айырмасы жок өтүп жатабы? Бул суроону ар ким өзүнө берсе, ага жараша аракет кылса натыйжа болот. Рамазандан тапкан сезимдерин, канаат, каниет менен кубанычтарын бөлүшүп, мусулман атпайды Рамазан күндөрү менен куттуктап, бата тилеген апаларыбыздын арноосуна тилектеш болуңуз. "Карысы бардын ырысы бар" дегендей, бата берген нарктуу карыларбыздын катары суюлбасын. Айтылган арноолор кабыл болсун!
Казакова Азиза-Тамарахан 73 жашта, Бишкек шаарынын тургуну:
Рамазан айына жеткизкен Аллахка чексиз шүгүрлөр болсун! Сабырдын айында Кудайым баарыбызга сабыр берсин. Оро