Ишеничти актачы
Кана бийлик ишеничти актачы,
Кыргызымдын чек арасын тактачы.
Канчалары басып кирип жериме,
Жемкорлука бөгөт коюп сактачы.
Эл ишенип шайладыго акыры,
Эл мүдөөсүн тилегенин барктачы.
Хан сарайда креслону ээлебей,
Жериң берип өз элиңди сатпачы.
Өлүм келет ар адамга бир бирден,
Байлык калат кошо кетпейт сен менен.
Акылдуу бол, күйүмдүү бол элиңе,
Акыретте сурак берет ар пенде.
Мейли алда, элиңди эмес атаңды,
Атаң айтат жакшы-жаман, караны.
Элди алдап күнөөсүнө батканча,
Тапшыргының арам алган мандатты.
Көңүл бургун көйгөйлөрүн элиңдин,
Көргөзгүнүң эл ишенген эрдигиң.
Көөп кетпе аз акчага манчыркап,
Токтот арам акча алган кебиңди.
Абдиев Мусабек