Алай - ак мөңгүлүү тоолордун мекени. Алай - Айкөл Манастын эң ишенимдүү чоролорунун бири Эр Чубактын кичи мекени. Алай - Евразия калкы каттаган айтылуу Жибек Жолу созулуп жаткан жер. Алай - Алымбек Датка баш болгон, Абдылдабек төш болгон эр азаматтарды берген жер. Алай - Курманжан Датка жашап өткөн жер. Алай - Камчыбек шейит кеткен жер. Алай - Кыргызстанга туңгуч элдик генерал Ысак Монуевди, туңгуч академик Муса Адышевди берген жер. Айтор, Алай жөнүндө айта берсе сөз бүтпөйт. Алай тууралуу саптар кыргыз рухунунун туу чокусу эсептелген "Манас" эпосунда да кездешет:
Кара-Тегин башында, Атактуу жайлоо Алай бар. Суусу тунук, чөп деди, Арбын жери көп де