ИЧПЕЧИ АРАК!!!
Эй! Адамзат кулу болбо арактын,
Азгырылба, даамын татпа шараптын!
Аталат да ал арак-арам тамак,
Ичип журсөң акыры жаныңды алат.
Кандай адам ойлоп тапты экен муну,
Ден соолукка жакпаган арам сууну?
Муну ичкен малдан төмөн болуп калаар,
Буга чейин болуп келсе адам уулу.
Малдан төмөн болуп калат дегеним,
Баары билет малдын арак ичпесин.
Малга жакпас мындай арам тамакты,
Болбойт деймин адам уулу ичкениң!
Бирин-бири сыйлашат экен арак менен,
Көпчүлүккө мындай сый жагат экен.
Ысытып ичти көңүлдү көтөрсө да,
Аты бар ал арактын арам деген.
Арак деген баалуу курал шайтанга,
Ал куралын колдонот каршы адамга.
Шайтандын ою жаман гана болгон соң,
Ичкен жанды жакындатат ажалга.
Шайтан