Акыл жетпейт аалам сырын санашка,
Кыжыңдашпа майда-чүйдө талашка.
Теңир күчтүү, аны бил да, шаракта,
Өмүр деген, өтөт, кетет заматта.
Суроо берсең: «Адам деген — деги — ким?»
Ал сөлөкөт, жасап койгон — теңирим.
Көз ирмемге, топурактан жаратып,
Топуракка айландырат өлүгүн.
Аттиң, чиркин, тагдырыма жетсе алым,
Бүт барактап окуп чыгып жазганын,
Төбөм көккө жетпес беле ошондо,
Сызып салсам жалаң жаман жактарын.
Мен келгенден — толуп дүйнө калдыбы,
Мен өлгөндөн — өчүп калбас жарыгы.
Бул дүйнөгө неге келдим, не кеттим,
Түшүнтүүчү адам да жок, аныгы.
Ким бар дейсиң жасабаган күнөөнү?
Биздер деле, бийлер деле күнөөлү.
Мен жасасам, сен жасайсың жамандык,
Анан кантип күнөөлөйсүң бир